Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.02.2017 16:23

Хоккей боюнча республикалык турнирде Түп району 1-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Отрадное айылында хоккей боюнча республикалык турнир кечээ, 12-февралда жыйынтыкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

«Шапак ата турнири» деп аталган бул мелдешке Ысык-Көл облусунун Түп, Ысык-Көл, Ак-Суу райондорунан жана Нарын облусунан келген 11 команда катышты.

Аталган оюнду уюштурган Саламат Абдрахмановдун айтымында, бул оюнда 1-орунду Түп районунан келген «Долон» командасы ээлесе, 2-орунду Нарын облусунун Кочкор районунан келген «Ормон хан» командасы, 3-орунду Ак-Суу районунун «Отрадное-1» командасы ээледи. Турнирде алдыңкы орунду алган командалар акчалай сыйлык, кубок жана дипломдор менен сыйланып, ар бир оюнчу медаль жана дипломдорго ээ болду.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду ээлеген командага 10 миң сом акчалай сыйлык берилсе, 2-орунга 6 миң сом, 3-орунду алган команда 4 миң сом байгеге ээ болду. Мындан сырткары, мыкты оюнчуларга да белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×