Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 07.02.2017 15:52 На русском

Айыл турмушу: Ак-суулук жубайлар өспүрүмдөрдү интернеттен алыстатуунун жолун табышты (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Тепке айылында жашаган жубайлар Дайыр Токтомушев менен Махабат Сейталиева өспүрүмдөр үчүн муз аянтча ачып, акысыз кызмат көрсөтүүдө.

Жубайлардын айтымында, интернет оюндарына азгырылган өспүрүмдөрдү сергек жашоо образына үндөө максатында айылдын четинен жер алып, ал жерге муз аянтча жасашкан.

Мындан тышкары, М.Сейталиева үйдө кийизден өтүк тигип, айыл аксакалдарына камкордук көрсөтөт. Ал иттин терисин ашатып, кийиз менен өтүктөрдү тигет. Жубайлардын жасаган эмгектери бааланып, аларга айыл аксакалдары бата беришүүдө. Эми алар спорт менен машыгуучу зал ачууну пландап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×