Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.02.2017 09:56 На русском

Айыл турмушу: Ак-Суу РЭТтин кызматкери Ж.Иманкулова электр энергиясын уурдагандарды түнкүсүн кармайт (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Жибек Иманкулова 17 жылдан бери Ак-Суу райондук электр тармактар ишканасында инспектор болуп эмгектенип келет. Ал күн сайын Теплоключенка айылын жөө кыдырып, 600 абонент менен иштешет. Ал жаңыча ыкма менен иштөөнү өздөштүрүп алган.

Инспектордун айтымында, ар бир тургун менен тил таап сүйлөшүү электр энергияга болгон төлөмдөрдү өз маалында төлөөгө шарт түзөт.

Ак-Суу РЭТ ишканасынын жетекчисинин айтымында, Ж.Иманкулова 17 инспектордун насаатчысы жана үлгүлүү кызматкерлердин бири. Ал күн сайын өз ишин эртең мененки саат 07:00дө баштап, кеч киргенче иштейт. Каракол шаарынан Ак-Суу районуна каттап иштеген инспектор түнкү саат 03:00дө ойгонуп, электр энергиясын уурдаган абоненттерге рейдге чыгат.

«Айрым учурда абоненттер эшиктерин ачпай, итке талатып же орой мамиле кылышат. Кээ бирлери үйүнө киргизбей кубалашат», - дейт ал.

4 баласын жалгыз тарбиялаган Ж.Иманкулова мыкты инспектор катары Ысык-Көл аймагына таанымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×