Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.02.2017 13:50

Айыл турмушу: 4 кызматта иштеген ак-суулук мал доктур Ш.Курманов квадроциклге муктаж (фото)

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылынын тургуну Шаршен Курманов айылдагы мал-жандыктарды дарылап, жеке мал дарыгер болуп эмгектенет.

Ш.Курмановдун айтымында, ал учурда мал дарыгерликтен тышкары Жыргалаң айыл өкмөтүндө мал чарба адиси, жайыт комитетинин эсепчиси, айылдагы башкы жамаатынын төрагасы, айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү болуп да эмгектенет.

Ал алгач 22 жыл шахтада иштеген. Кийин жумуш токтогон учурда биринчи кесиби менен иштөөнү чечип, 2002-жылдан баштап жеке мал дарыгери.

«Бул иш менен алектенип баштаган учурдан тартып ар кандай долбоорлор менен иш алып баруудамын. Өзгөчө Айыл чарба министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү аркылуу көп иштерди жасадык. Долбоор аркылуу муздаткыч, керектүү жабдууларды алганбыз. Учурда бул жабдууларды хирургиялык иштерге колдонуп жатабыз», - деди ал.

Шахта-Жыргалаң айылында 216 түтүн эл жашайт. Анын ичинен 147 түтүндүн малы бар. Айылда учурда 700дөй бодо мал, 200дөн ашык жылкы, 2 миң 800гө жакын кой-эчки, 160 ит, 24 мышык, 300гө жакын үндүк тоок, каз багылат.

«Айылдан алыс жайгашкан тоонун бооруна тереңдиги 9 метрге жеткен Беккари чуңкурдун салынышын алгылыктуу иштердин бири деп айтсак болот. Аны айылдын жашоочулары менен бирге каздык. Беккари чуңкурунун эмне себептен курулуп жатканы туурасында элге түшүнүк берүү үчүн семинар дагы уюштурдук. Ал эхинококкоз оорусун алдын алуу үчүн абдан маанилүү», - дейт мал дарыгер.

Ш.Курмановдун айтымына караганда, мал дарыгерлер көптөгөн кызыктуу окуяга туш болушат. «Элге итиңерге паспорт алгыла дегенде, алар бизди шылдыңдашкан. Итиңе дары бериш керек, иттин паспортун алып чык десең таппай калышат же өрттөп салышат. Айла жок кайрадан итке паспортту жазып бергем», - дейт ал.

Ар тараптуу иштегенди жактырган Ш.Курманов айылдык ден соолук комитети менен дагы бирге иштешип, окуучуларга эхинококкоз оорусу боюнча сабак өтүшөт. Мындан сырткары, үй кожойкелерине дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

«Бруцеллез, эхинококкоз ооруларын алдын алууда «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоору жакшы жыйынтык берген», - дейт Ш.Курманов.

Ал мал дарыгер кадыр-барктуу кесип экенин сыймыктануу менен айтты. Малчылар үйлөрүнө чейин чакырышат, бирок баарына барууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, айрымдарына кеңешин берип узатат.

Ш.Курманов учурда транспорт жагынан кыйналып жаткандыктан квадроцикл берилип, айылга күпкө курулса бир топ жеңилдик болоорун айтты. Учурда жасалма уруктандыруу боюнча дагы иштеп жатат. Былтыр анын негизинде жыйырмадан ашык уй жасалма жол менен уруктандырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×