Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.01.2017 17:18

Айыл турмушу: Ак-суулук мугалим балдарга кийиз жасоону, таш бетине сайма чеккенди үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы Киров мектебинин кол эмгек сабагы боюнча мугалими Асел Муканбетова окуучуларга кийизди жасоону жана таштын бетин сүрөт түшүрүүнү үйрөтөт. Мугалим сабак өтүүнүн сырларын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Кийизди уютуу көп эмгекти талап кылат. Бирок, натуралдык иш, даяр материалдар менен жасалган азем белектер дайыма айырмаланып турат. Окуучулар ата-бабадан калган кол өнөрчүлүктү унутпай, улантса дейм. Себеби, азыр Кытайдын даяр кийизи менен буюмдарды жасап, баалуулуктардын баркын кетирип жатат. Ошол себептүү жаштар келечекте кийизди жасоону билишсе деп ойлойм. Кийиз жасоодо койдун жүнүн алып, аны сабоо менен сабап, тазалап алып, уютабыз. Бул жерде турган боз үй, уюлдук телефон үчүн каптар жана башка азем-белектер жасалган», - дейт мугалим.

Ошондой эле, ал таш бетине сүрөт тартуу жана чегүү иштерин да балдарга үйрөтүүдө.

«Жерде жаткан таштарга сүрөт тартып, көрк берүү үчүн балдарга боёк менен сүрөт тартууну үйрөтүп баштагам. Ак-Суу суусунун боюнан атайын таштарды терип келгенбиз. Мен үчүн саймалуу таштар кызык. Таш бетине кандай курал менен сүрөт тартышары мен үчүн дайыма кызык болуп келген. Учурда биз таш бетин чегип, сүрөт тартууну балдар менен бирге өздөштүрүп жатабыз. Үйдө болгон мык, учтуу нерселер менен эле оюудабыз. Бул иш да өзүнчө кызыктуу. Ийримге жалпы 30 бала катышса, таш чегүүгө кызыккан 5 окуучу жана кийиз уютууга 5 кыз катышып жатат», - дейт кол эмгек мугалими Асел Муканбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×