Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.01.2017 08:27

Шапак айылындагы жаштар хоккей боюнча машыгып жатышат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Шапак айылынын тургуну Саламат Абдрахманов айылдын жаштарын хоккей боюнча машыктырып жатат.

Айыл аймактын башчысы А.Апазовдун айтымында, бул үчүн атайын муз аянты ачылган. Аянтта облус деңгээлинде мелдеш өткөрүлүп, ага Каракол шаарынан да команда келип катышты.

Аянтка ар күнү кечкисин коньки тебүү үчүн окуучулардан тарта улуу муундагы адамдарга чейин келишет.

Саламат Абдрахманов айылдагы жаштардын хоккей командасын өлкөгө таанытууга аракет жумшоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×