Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 07.12.2016 13:35

Ак-Суунун 15 жаштагы тургуну Э.Модубашов самбо боюнча эл аралык мелдеште чемпион болду

Turmush -  Ак-Суу районунун Тегизчил айылынын 15 жаштагы тургуну Эмир Модубашов 3 жылдан бери спорттун самбо түрү менен машыгат.

Ал СССРдин чемпиону Жылдыз Айнакунованын жаркын элесине арналып Бишкек шаарында өткөн эл аралык мелдеште 70 кг салмак боюнча баш байгени утуп алды. Аны Кулунбек Эстебесов машыктырат.

«Чемпион болууну самабаган спортчу болбосо керек. Андыктан мен да Кыргызстандын атын чыгарган мыкты спортчу болгум келет», - дейт жаш спортчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×