Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 23.11.2016 10:13

Айыл турмушу: Ак-суулук С.Турдукүчүкова 1 кылым мурда жасалган азем буюмдарды сактап келет (видео)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жергез айылындагы чебер айым Света Турдукүчүкова айымдардын 100 жыл мурда жасалган азем буюмдарын сактап келе жаткандыгын аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, элечек менен чачпакты сактап жүрөт.

«Менин башымдагы элечек Кашкардагы кыргыз айымдарына таандык. Мунун башка элечектерден айырмасы бүркөлчөгү бетти тосуп турганында. Элечектин оромосу 20-30 метр ак кездемеден болот. Ал жаратты таңганга, ымыркай төрөлүп калса жалаяк, адам сапарда каза болсо кепин катары колдонулган», - деди ал.

Чебер айым буга катар эле чачпактарды сактап келе жаткандыгын кошумчалады. Күмүштөн кооздолуп жасалган чачпак Кытайдан алынган. Айымдар чачпакты тулку бойду түз алып жүрүү үчүн чачтын учуна тагышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×