Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 16.11.2016 09:41

Айыл турмушу: Ак-Суудагы Г.Чыныбаева 1 кап какты 3 миң сомдон сатып киреше табууда (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Челпек айылынын тургуну Гүлсара Чыныбаева мөмө кургатып, как даярдоочу жабдык иштетип киреше табууда. Аймактык кабарчы ишкер айым менен таанышты.

Анын айтымында, жабдыкты атайын долбоор жазып утуп алган. Аны менен өзүнүн чарбагында өскөн алма-өрүктөрдү кургатып сатат.

«Мен изденүү менен иш жүргүзө баштадым. Анткени айыл жергесинде айымдарга иш жок. Бирок бизде таза жер-жемиштер арбын. Экологиялык жактан таза продукциялардан бир нерсе өндүрүп чыгууну көп ойлондум. Биздин үй-бүлөнүн алма багы арбын болгондуктан долбоор жазып, жыйынтыгында как кургаткыч алып иш баштадым», - деди ал.

Каарманыбыз как алуучулар да көп экендигин кошумчалады.

«Жайкысын өрүк кургатып, как даярдап алам. Ал эми алма, алмуруттар 2 күндө кургайт. Алма-өрүктү таза жууп, сөңгөктөрүн алып кургатабыз. 1 кг алмадан 200 грамм как алууга болот. Как алуучулар көп. Кап менен дүң баада сатканда 1 кап как 3 миң сомго бааланат. Биз өрүктүн, алманын, алмуруттун кактарын чакан баштыкчаларга салып, сатууга ылайыктап даярдап алдык. Учурда буга суроо-талап көп болуп жатат», - деди Чыныбаева.

Элеттик ишкер жайкысын курут жасап дүкөндөргө өткөрөт. Как кургатуучу жабдык күндүн нуру менен да, электр энергиясы менен да иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×