Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 16.11.2016 09:33

Ак-Сууда 30 миң кирпич жана 3 миң бөтөлкө менен фермерлер мектеби курулду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл өрөөнүнүн Ак-Суу районуна караштуу Боз-Булуң айылында 30 миң даана кирпич, 3 миң даана бөтөлкө менен фермерлер мектеби курулду. Бул тууралуу анын жетекчиси Бакытбек Макеев билдирди.

Анын айтымында, кирпич чыгарган станок 2 миң долларга жасалган.

«Курулуштун ичи-сыртына жалпы 30 миң кирпич кетсе, полуна жылуулатуу максатында 3 миң бөтөлкө жумшалды. Үйдүн ичине топурак кирпич колдонулуп, сыртына цемент кошулган кирпичтерди пайдаландык. Кирпичтерди 3 күндө куюп бүтүрүп, 4-5 күндө кургап колдонууга жарады», - деди Б.Макеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×