Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.10.2016 18:30

Айыл турмушу: Ак-суулук 57 жаштагы аксакал К.Исаев азыркыга чейин «Боз салкын» ансамблинде бийлейт (видео)

Turmush -  Ак-Суу районунун 57 жаштагы тургуну Каныбек Исаев «Боз салкын» ансамблинде бийлеп, обон жаратат. Аймактык кабарчы бийчи менен таанышып келди.

Анын айтымында, чыгармачылык эмгек жолун 1981-жылы райондо түзүлгөн «Боз салкын» элдик ыр-бий ансамблинен баштаган. Учурда ушул эле ансамблде бийлеп, ырдап, обон жазып келет. Ал облустук кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болгон. Элдик театрда көптөгөн ролдорду чебер аткарып, жаштарды тарбиялоого салым кошууда.

Мындай эмгегинин аркасында «Маданияттын мыкты кызматкери» наамына татып, Жогорку Кеңештин жана райадминистрациянын, облустун Ардак грамоталары менен сыйланып, райондун ардак тактасына сүрөтү илинген.

«Адам канча кыймылдаса ошончо тың болот. Үйдө неберелеримди багып, алар менен бирге ойноп, чуркап жүрүп машыгуу болуп калат окшойт. Топто бийлеген жаш балдар менен бирге эле бийлейм. Жаш өткөн сайын бийчиге жашы тоскоол болот дегенге моюн деле сунбайм», - дейт ал.

К.Исаевдин теңтуштары: «Неберелүү болдуң, бийлегениңди токтотсоң», - деп тамашалап калышат.

«Азыр "60 жашка чыктың, секирип эле жүрөсүң" деп достор тамашалап калышат. Аларга 80 жашка чыкканча бийлейм деп тамашалуу жооп кайтарам», - дейт бийчи.

Жубайы Гүлзат Кыдырбаева менен 3 баланы тарбиялап, өстүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×