Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.10.2016 14:05

Ак-Сууда «Боз салкын» ансамблинин 35 жылдык мааракеси белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-октябрда Ак-Суу районунда «Боз салкын» элдик ыр-бий ансамблинин 35 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мааракеге Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кадрлар башкармалыгынын башчысы Муктар Өзбеков, Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитов, райондук мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана тургундар катышууда. Элеттик таланттардан түзүлгөн «Боз салкын» ансамбли Россия, Ливия, Түркия сыяктуу бир катар чет өлкөлөрдөгү сынактарга катышып, байгелүү орундарга татыган. Учурда ансамблде 18 адам эмгектенет.

Мааракеде ансамблдин өкүлдөрүнө Ардак громаталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×