Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.10.2016 10:25

Ак-Суудагы «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамбли 35 жылдык мааракесин белгилейт (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамбли 20-октябрда 35 жылдык мааракесин белгилейт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына ансамблден билдиришти.

Учурда ансамблде 21 киши эмгектенет.

«Алгач уюшулганда райондогу таланттар тандалган. Алар мугалим, тракторист, чабан, милиционер болуп иштеген таланттар болчу. Ар кандай сынактарга катышып, СССРге белгилүү ансамбль болгон. Эгемендүүлүк алган жылдары театрлар жоюлууга дуушар болушту. Ага карабай ансамблди өз деңгээлинде сактап кадык. Облуста кызматкери көп ансамбль бизбиз», - деди көркөм жетекчи Темирбек Бердибаев.

Ансамбль 1981-жылы уюшулган. Ал уюшулгандан бери КРнын маданиятына эмгек синирген кызматкерлери Б.Куланбаев, Т.Бердибаев, Ш.Шакеева, А.Иманалиева, С.Сагынбаев, К.Азизова, К.Исаев, Г.Кыдырбаева, Л.Касаболотова иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×