Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.10.2016 12:07

Ак-Суунун Челпек айылында спорттун 3 түрү боюнча «Ынтымак турнири» өткөрүлдү

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылында «Ынтымак турнири» өткөрүлдү. Бул тууралуу Челпек айыл өкмөтүнөн маалымдашты.

Айылдын жаштары тарабынан Тарых жана маданият жылына арналып уюштурулган «Ынтымак турниринде» футбол, волейбол, күрөш боюнча райондук мелдештер өткөрүлдү. Иш-чара Орусиянын Калмак Республикасынан келген артисттердин концерттик программасы менен коштолду.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган турнир айыл тургундарын ынтымакка чакыруу, жаштарды спортко жана сергек жашоого үндөө максатын көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×