Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.09.2016 11:02

Айыл турмушу: Ак-суулук Ч.Жанузаков чет элдиктерди тоолордо саякаттатат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун 26 жаштагы тургуну Чыңгыз Жанузаков чет элдиктерге өлкөдөгү тоолорду таанытып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, акыркы 5 жылдан бери туризм тармагында иштеп жатат.

«2011-жылдан баштап туризм тармагына кызыгып калдым. Ошондон бери чет өлкөлүк жарандарга жайы-кышы кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн тоолорун кыдыртып, жерибиздин сулуулугун көрсөтүп келем. Мен Кыргызстанда төрөлүп жашап калганыма сүйүнөм», - деди ал.

Жубайы Жапаркүл Койчуманова экөө 2 баланы чоңойтуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×