Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.09.2016 09:04

Айыл турмушу: Теплоключенкалык С.Мишенко 140 жыл мурун курулган суу тегирменди иштетет (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну Сергей Мишенко 140 жыл мурда курулган таш тегирменди иштетет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы тегирменчи менен таанышты.

Анын айтымында, аталган тегирменди 1877-жылдагы калыбындай сактап келет. Тегирмен суу менен иштөөгө ылайыкташтырылып, жыгач менен ашталып жасалган. 140 жыл мурда ошол кездеги элдин ун-талканын тартып чыгарган Ак-Суу районундагы ири тегирмен болгон. Сергей тегирменге жаргылчак, бай-манаптардын карапа идиштерин, сандык, самоор, чырактарды топтогон.

«Мен бул буюмдарды келечек муундар үчүн сактап жатам. Кийин кылым өткөндө да бул жакта кыргыз, орус жана башка улуттар жашаптыр, алардын буюмдары ушулар экен деген тарыхый маалымат калтыргым келет. Тегирменди азыр да иштетүүгө болот. Кайрылган айыл тургундарына 1-2-сорттогу ундарды тартып берем. Суу тегирмениме суктанып келген туристтер арбын болгондуктан чакан музей уюштурдум. Жанына 2 кабаттуу конок үйүн ачып, жанындагы көлмөгө балык кармоого ыңгайлуу шарт түздүк. Келечекте тегирменимдин айланасын жомоктогудай кооз аймакка айланткым келет.

Азыр менин чакан туристтик аймагыма алыстан келген туристтер арбын. Алар тегирмендин ичиндеги ар бир буюмдун атын, кайсы кылымга таандык жана кимдер колдонгондугун сурашат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×