Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.09.2016 13:29

Ичке-Жергез айылында кичи футбол аянтчасы ачылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Аянтчага элеттен чыккан коомдук ишкер, юстициянын ардагери Эркинбай Боотаевдин ысымы ыйгарылды. Аянтчаны Эркинбай Боотаевдин балдары курдурган.

Ачылыш аземде КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана Э.Боотаевдин 95 жылдыгынын урматына арналган футболдук турнир уюштурулду. Ага чоңдор арасында 4 команда, өспүрүмдөр арасында 4 команда жана кыздар арасында 3 команда катышты.

Турнирдин байге фонду 100 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×