Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.09.2016 09:54

Айыл турмушу: Чолпондук дыйкан М.Айтбеков 3 га жерден 20 тоннадан ашык буудай алды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Чолпон айылынын тургуну Муратбек Айтбеков аксакал быйыл эккен буудайынан жакшы түшүм алды. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

Анын айтымында, 3 гектар жерден 20 тоннадан ашык түшүм алды.

«СССР тарап кайра бөлүштүрүү жылдарында жер алып иштетүүгө өттүк. Бир жыл экинчи жылга окшошпойт. Быйыл тьшьм мол алдым. 3 гектар жерден 20 тоннадан ашык түшүм алдым», - деди ал.

Дыйкан буга катар эле айылда техника жагынан маселе жаралбагандыгын белгиледи. Чакан айылда 56 трактор, 5 чөп түктөөчү техника 10 дан бастыруучу комбайн бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×