Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.08.2016 11:05

Ак-Суунун Ак-Чий айылындагы «Ыр-Кеседе» Үркүн окуясы чагылдырылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Чий айылында элдик таланттар тарабынан «Ыр-Кесе» өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Акимдин орун басары Гүлнара Темпиеванын айтымында, Тарых жана маданият жылына карата атайын программа иштелип чыгып, анын негизинде 15 айыл аймакта маданий иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.

Иш-чарада Үркүндүн 100 жылдыгына карата ошол убактагы элдин жашоосун чагылдырышты. Ага окуучулардан тартып, айылдагы аксакалдарга чейин катышты. Мында элдик ырлар аткарылып, улуттук бийлерди бийлешти.

Айыл аймак башчысы Максат Дорбаев «Ыр кесени» уюштурууга өзгөчө даярдык көрүлгөнүн белгилеп, кезек Кара-Жал айыл аймагына берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×