Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.06.2016 14:19

Ичке-Жергез айылында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнө 25-июнда аттестаттар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чарага мектеп жамааты жана ата-энелер катышты. Жакшы окуган окуучуларга мактоо баракчалар берилип, окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Аталган мектептин директору Рысбек Исраиловдун айтуусунда, быйыл мектепти 33 окуучу аяктады. Мектепте учурда 467 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×