Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 07.06.2016 14:26

Самбо боюнча өлкөнүн 4 жолку чемпиону Д.Бейшеев Азия чемпионатында коло медаль утту (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 20 жаштагы тургуну Данияр Бейшеев Түркмөнстандын Ашхабад шаарында самбо боюнча өткөн мелдеште коло медалга ээ болду.

Мелдешке Борбордук Азиядагы 14 мамлекеттен келген спортчулар катышты. Д.Бейшеев 68 кг салмак боюнча мелдешти.

Данияр Бейшеев 1996-жылы 13-февралда туулган. Жаңы-Арык айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Дене тарбия жана спорт академиясында машыктыруучу адистиги боюнча билим алган.

Д.Бейшеев самбо боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону болуп, 2014-жылы Кореянын Сеул шаарында өткөн Азия оюндарында коло медаль жеңген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×