Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 07.06.2016 09:31

Элдик уламыш: Кышкысын кардын калыңдыгы 1 метрге жеткен Шахта-Жыргалаң айылы (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айылы райондон 60 чакырым алыс жайгашкан. Айылда кыш мезгили узакка созулганы менен жаратылышы абдан кооз.

Айыл аксакалы Касымбай Муканбаев айылдын тарыхын жакшы билет. Анын айтымында, өткөн кылымда бир койчу жалгыз келип, бул айылда малы менен бир кыш жашаган.

«Кийин башка малчылар көчүп келип: "Жайыт кандай экен?" деп сурашканда, койчу: "Жыргал экен" деп жооп бериптир. Мындан улам айылдын аты Жыргалаң деп аталып калган», - дейт К.Муканбаев.

Айылга тургундар 1950-жылы отурукташа баштаган. Бул айыл көмүр кени менен таанымал. Айыл эли мал багуу жана айрымдары көмүр казуу менен алектенишет.

«Шахта-Жыргалаңдын көмүрүнүн сапаты жогору. Айылда кыш мезгили узак болуп, кардын калыңдыгы 1 метрге жетет», - дешет тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×