Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 23.05.2016 12:24

Элдик уламыш: Ак-Суудагы Боз-Учук айылынын аталышы тоолор менен байланыштуу (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда Боз-Учук айылы орун алган. «Элеттин мындай аталышы тоолор менен байланыштуу», - дейт 70 жаштагы айыл аксакалы Шахтер Кожобаев.

Анын айтымында, жогору жактан айылга чейин келген тоо кырканын учу элеттен бүтөт.

«Тоонун учу жиптин учундай болуп, боз тартып турчу. Илгери ата-бабалар Боз-Тумшук деп аташчу, кийин Боз-Учук деп аталып калган. Элетте Калматай тукуму жашайт. Калматай тукуму тууралуу да өзүнчө уламыш айтылып келет. Илгери чоң энебиздин 9 баласы болгон экен. Ал 9 уулуна 9 топу тигип кийгизген экен. Ал баш кийимди «таке» деп да коюшат. Ары-бери өткөндөр балдардын кара такесинен улам, каратаке кийген балдардын айылы деп аташчу экен. Азыр да калматай тукуму, каратаке тукуму деп айтылып келет», - дейт 7 баланын атасы Шахтер Кожобаев.

Элет Каракол шаарынан 30 чакырым, ал эми райондун борборунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×