Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.04.2016 11:02

Ак-Сууда грепплинг боюнча ачык чемпионат өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 25-апрелде Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында РИИБ, райондук администрация жана жаштар тарабынан уюштурулган грепплинг боюнча «Naga» ачык чемпионаты өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мелдеште 9 команда күч сынашты. Алардын арасында Нарындан, Чүйдөн жана Бишкектен келген спортчулар да болду.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Октябрь Урманбетов милиция кызматкерлери жаштар менен тыгыз байланышта иштеп жаткандыгын белгиледи. «Жаштар биздин келечек. Алар спорт менен машыкса, ден соолукта болушат жана анын аркасында мамлекетибиз күчтүү болот. Андыктан биз ар дайым мындай спорттук иш-чараларга жардам берип, демөөрчүлөрдү таап берип келебиз. Алдыда мындай иш-чаралар дагы көп уюшулат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×