Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 23.03.2016 14:03

Ак-Суудагы реабилитациялык бөлүмдө жыл сайын церебралдык шал оорусунан жабыркаган 2000 бала дарыланат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы церебралдык шал оорусун дарылаган реабилитациялык бөлүмдөн жыл сайын 2000 бала дарылануудан өтөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасындагы балдардын церебралдык шал оорусун дарылаган реабилитациялык бөлүмүнүн башчысы Байыш Бейшембиев маалымдады.

Анын айтымында, бул бөлүм 1950-жылы курулган. Ошол кезде балдар арасында полиомиелит (жугуштуу оору) оорусу күч алып, ошол илдет менен күрөшкөн борборго айланган.

«Ал кезде Советтер союзунун бардык өлкөлөрүндө полиомиелит оорусуна кабылган балдарды дарылоо үчүн ушундай борборлор курулган. Өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин чечими менен борбор Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы минералдуу суу чыккан жерге ачылган. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Ак-Суу реабилитациялык борбору бейтаптарды дарылоо боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон. Андан кийин 1958-жылдан 2001-жылга чейин бул жер балдардын ден соолукту чыңдоо санаторийи катары иштеп келген. 1991-жылы полимиелит илдети дээрлик жок болгон. Анткени аталган илдет менен бүтүндөй Советтер союзунун дарыгерлери, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдары күрөшүп, бала төрөлгөндө дароо ал ооруга каршы эмдөө жүргүзүлгөн», - деди бөлүм башчы.

Полимиелит илдети күчөп турган жылдарда мында бир эле учурда дарылангандардын саны 250 балага жеткен. Алар айына 3 ирет келип дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп турган.

Советтер союзунун тарашы бул борборго да өз таасирин тийгизип, баары тонолуп жок болуп, болгону 20 койка калган.

«2000-жылдан тартып бул жерде церебралдык шал оорусунан жабыркаган балдар дарыланып келет. Мындай балдардын саны көп деп айта албайм, бирок Советтер союзу тарагандан кийин церебралдык шал оорусу менен төрөлгөн балдар дарылануучу жай жок болчу. 2015-жылга чейин бул жерде 50 койка гана бар эле. Мындан улам балдардын ата-энелери 3 ай мурун жазылып, кезек күтүштү. Буга байланыштуу бизде орундар 2 эсе көбөйтүлдү», - деди Б.Бейшембиев.

Ал белгилегендей, бул жерде дарыланган балдар жуунуп, укалоого барышат. Ошондой эле физикалык дарылоо жана оорусунун аныктамасына жараша дары каражаттар берилет.

«Тубаса шал оорусун толук айыктыруу мүмкүн эмес, бирок дарылануудан азырак болсо да жылыш болот. Балдак менен келген балдар, дарылануудан кийин өздөрү басып калат. Ал эми таптакыр кыймылдай албай, эртеден кечке төшөктө жаткан балдар отуруп калат. Тактап айтканда баласын өз убагында дарылоого алып келген ата-энелер көрсөтүлгөн жакшы жыйынтыктан кубанып кетишет», - деп сөзүн жыйынтыктады бөлүм башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×