Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.03.2016 16:34

Элдик уламыш: Ак-Суу районунда соодагерлер каттаган жол боюндагы колот Жолколот айылы болуп түзүлгөн (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына жакын жайгашкан Жолколот айылы 1929-жылы негизделген. Айылдын тарыхын Turmush басылмасынын кабарчысына айылдык кеңештин депутаты, мектептин мугалими Зина Кенжебаева айтып берди.

Анын айтымында, айыл тургундарынын күндөлүк тиричилиги шаар менен тыгыз байланыштуу.

Азыркы Жолколот айлынын ордунда чычырканак, бөрү карагат жана калың кара чий өсүп, орто жеринде Каракол суусунан бөлүнүп аккан канал өтчү. Кийинчерээк ал сууну Чоң-Суу деп атап калышкан.

«Босого тоосунун этегинде Көк-Түз деген ажайып жер болгон. Ошол жерде жашаган эл Каракол шаарына чоң кокту менен түшүп келип, соода-сатыгын жүргүзүп, кайра айылына кетишчү. Ошол коктуну жол коктусу деп аташкан. Коктунун этегине, азыркы айыл турган жерге 3 айылды бириктирип, 1920-21-жылдары Жолколот айылы түптөлгөн», - деди З.Кенжебаева.

Ал үч айылдын бири —Котур айылы азыркы алма бак турган жерден өйдөрөөк жайгашып, Маман айылынын тоо жагында отурукташкан. Жашоочулары дыйканчылык менен алектенген.

«Экинчи айыл — Босогонун этегиндеги Көк-Түз, Жыланды деген жерде Сононун Соколой деген баласынан тараган атакозу уруусу жана Эшейдин Каабайынын тукумдары болгон Курумшунун жана Күнтуудунун балдары жашаган.

Үчүнчү айыл Кашат деп аталган.

Каракол шаарынын тегерегинде Эшей менен Сононун тукумдары жашарын желдең уруусунан чыккан Солтобай Токтоболот уулу 1883-жылы айткан. «Жарыктыгым көл ата» деген ырында мындайча эскерген:

Караколдун кара чий,
Арманда калдың кайран чий.
Эси оогон мындай заман бол,
Эшей, Соно аман бол.

Жолколот айылына 1924-25-жылдары Ак-Суудан Эшейдин тукумдары болгон жөкөш уруусу, Кашка-Суу менен Караколдон Жоронун балдары көчүп келген.

Жолколот айылы уюшулган жылдары саяк уруусунун он жети карагай уруусунан чыккан Шыгай деген мыкты адам өзүнүн туугандары менен отурукташып калат.

Жолколот айылындагы уюштурулган колхоздун биринчи башкармасы болуп Садырбек Абдыбеков шайланган. Бул адам биология, зоология жана география илимдерине зор салым кошкон мыкты натуралист болгон.

Ошентип 1929-жылы Жолколот айылы толук негизделип,үч колхозго бөлүнгөн. Жогорку айыл «Кедей» колхозу болуп, аны Жапар Барманов башкарган.

Ортоңку айыл «Жаңы айыл» колхозу деп аталып, башкармалыгына Ногой Озубеков дайындалса, төмөнкү айыл «Молотов» колхозу болуп, аны  Асанакун Боккөтөнов башкарган.

«1931-жылы 3 колхоз биригип, «Молотов» атындагы колхоз болуп уюшулуп, аны Сатыбалдиев Имансарт башкарган.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин башка айылдын тургундары сыяктуу эле Жолколот айылынын жашоочулары да билимге умтула баштаган. Адегенде балдарды үйлөрдө окута башташкан. Каракол шаарынан Эшмухамедов Бакирдин аттуу билимдүү адамды таап келишкен. Үйдө окутуу ыңгайсыз болгондуктан Өмүрзак уулу Бакей аксакал ашар уюштуруп, кыш куйдуртуп, 1924-жылы биринчи мектетин пайдубалын тургузушкан.

Учурда айылда 1924-жылы негизделип, 1974-жылы орто мектепке айландырылган мектеп бар.
Ага 2000-жылы Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зуура Сооронбаеванын ысымы ыйгарылган.

Ошондой эле айылдык ФАП, 2003-жылы салынган мечит, жаштар комплекси жайгашкан. Калкынын саны 2775 же 431 түтүн кожолук жашайт», - деди З.Кенжебаева.

IMG-20160317-WA0111

IMG-20160317-WA0106(1)

IMG-20160317-WA0112

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×