Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.03.2016 17:16

Китепканачылар ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн Ак-Суунун Жаңы-Арык айылында чогулду (фото)

Turmush -  Кечээ, 10-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы орто мектепте Тарых жана маданият жылына арналган семинар болуп өттү. Мындай маалыматты Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мектеп директору Гүлмира Омукеева билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, семинарга Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айбек Мамырбаев, райондогу китепканачылар жана аталган мектептин мугалимдер жамааты катышты.

Семинар китепканачылардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулуп, окуучулардын кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына болгон кызыгуусун арттырууну көздөдү.

Семинардын жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхы, маданий баалуулуктары жөнүндө кеңири сөз болуп, окуучулар тарабынан Жусуп Баласагын, Тайлак баатыр, Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндө театрлаштырылган үзүндүлөр көрсөтүлдү.

Иш-чарада жалаң китеп жөнүндө ырлар окулуп, келген меймандарга окуучулар ыр-бий тартуулашты. Мындай иш-чаралар жылдын соңуна чейин улантыла турганын Гүлмира Омукеева белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×