Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.03.2016 10:07

Ак-Суудагы сибирь жарасынын очокторунан сибирь жарасынын микробдору чыккан жок

Turmush -  Ак-Суу районундагы сибирь жарасынын очокторунан сибирь жарасынын микробдору чыккан жок. Бул тууралуу Жугуштуу ооруларды санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча Ак-Суу райондук борборунун башкы дарыгери Аскарбек Айдакеев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Анын айтуусунда, райондо сибирь жарасынын белгилүү болгон 9 очогундагы жер кыртышына анализ жасалып, бул илдеттин белгилерин аныктаган микробдор чыккан эмес. Аталган мекеме жылда жаз, күз айларында жердин кыртышынан анализ алып, очокторду дизинфекциялап турушат.

Эрежеге ылайык, очоктордун тегереги ийне зым менен тосулуп, үстү бетон менен жабылышы керек. Бирок ошого карабай торолгон жерлердеги тосмолор бузулуп калган учурлар бар. Аны калыбына келтирүү иши каражат жетишпегенинен аткарылбай калууда. Акыркы жылда Кереге-Таш айылындагы 3 очок талапка ылайык үстү бетондолгон.

Ошондой эле, Ак-Чий айылындагы очоктун үстү таш менен жабылып, Жылдыз айылында очок бетон плиталар менен жабылган. Жыл сайын малдын бул ылаңын алдын алуу боюнча дал ошол очокко жакын жердеги малга эмдөө жүргүзүлөт.

Акыркы жолу бул ылаң Көл өрөөнүндө 1950-жылы чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×