Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.02.2016 10:45

Элдик уламыш: Ак-Сууда 106 жашка чыккан карыянын 10го жакын төөсү дайынсыз жоголгон Ак-Чий айылы (видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Соколов айылы курулуш жетекчисинин атынан коюлган, деп билдирди айыл аксакалы Тукаш Искатов Turmush басылмасынын кабарчысына.

Анын айтымында, бул айылга 1917-жылдары славян улутундагы 4 тургун келип, үй кура баштаган. Алардын бири Соколов курулуш жетекчиси болуп, айыл ал кишинин фамилиясынан аталып калган. Андан соң бул айылга башка жашоочулар да көчүп келе башташкан.

1990-жылы айылдын атын өзгөртүү сунуштары айтылып, Кара-Кыз айылынын 106 жаштагы Илипбай аттуу тургуну айылды Ак-Чий деп атоону сунуштаган.

Илипбай аксакал мындай сунушун мындан 50 жыл мурун ушул өрөөндөн 10го жакын төөлөрүн жоготкондугу менен байланыштырган. 1993-жылы Илипбай аксакалдын сунушу кабыл алынып, Соколов айылы расмий түрдө Ак-Чий деген аталышка ээ болгон.

Азыркы тапта бул айылда 1 миң 474 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×