Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 29.01.2016 09:50

«Элдик уламыштар»: Ак-Суунун Боз-Учук айылынын аталышы узатасынан уланып жаткан тоолордон келип чыккан (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын аталышы айылдагы тоонун көрүнүшүнөн улам келип чыккан. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айыл аксакалы Асылбек Жаманбаев билдирди.

Айыл райондун борборунан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Азыркы тапта облуста 6400 калк жашайт. Айылдын жогору жагында узатасынан учук жиптей уланган тоолор жайгашкан. Айыл аксакалы Асылбек Жаманбаевдин айтымында, айыл ошол тоолордон улам Боз-Учук деп аталып калган.

Айылда 1930-жылы алгач ирет 3 үй курулган. Элет кийин Ново-Возносеновка деп аталып, анда славян улутунун өкүлдөрү басымдуулук кылган. Азыр айыл Боз-Учук деген аты менен таанымал. Калкы негизинен мал багып, жер иштетүү менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×