Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.01.2016 12:59

Ак-Суунун Вознесеновка айылында курулушу 6 жылдан бери токтоп турган спорт комплекси ишке берилди (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Вознесеновка айылында жаңы спорт комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун Вознесеновка айылында спорт комплекси кайра калыбына келтирилип, пайдаланууга берилди. Имаратты калыбына келтирүү жумуштары 2009-жылга чейин жүрүп келген. Каражаттын жетишсиздигинен курулуш иштери токтоп турду. Кайрадан мамлекет тарабынан каржыланып, курулуш иштери аяктады. Курулуш иштерин «Тунук-Курулуш» ЖЧКсы жүргүзгөн.

Спорт комплекстин тендердик баасы 4 млн 274 миң 900 сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×