Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.12.2015 17:59

«Жылдын мыкты мектеби» аталган Ак-Суунун Ичке-Жергез айылындагы мектеп 50 миң сомго ээ болду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Ичке-Жергез айылынын Истамбеков атындагы орто мектеби Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан республика боюнча «Жылдын мыкты айылдык мектеби» аталып, 50 миң сомго ээ болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган мектептин директору Рыспек Исраилов билдирди.

Директор: «Биздин райондо эле мектептер 52 критерийдин негизинде тандалган. Алгач мына ошол райондо биринчи орунду алып, облустук сынакка жылдын айылдагы мыкты мектеби деген беш мектептин арасында да биринчи орунга татыдык. Андан соң республикалык сынакта экинчи орунду ээлеп, 50 миң сом акчалай сыйлык алдык.

Биздин мектеп райондо, облуста ар кандай сынактарга катышып, саминарларды байма-бай уюштуруп келет. Соцпедагогдордун, директорлордун, бөлүм башчыларынын, мектептердин профсоюз уюмдарынын семинарын өткөрдүк. Ошондой эле, физик мугалимдерибиздин методикасын жайылтуу максатында бенефис жасадык.

Мугалимдер балдарга билим, тарбия бергенден сырткары дагы чыгармачылык менен иштеши керек. Мындай иш-чаралар алардын активдүү иштөөсүнө, иш кагаздарынын так болушуна жана дайыма жыйнактуу, бир дем менен жүрүшүнө шарт түзөт», - деп билдирди.

Анын айтуусунда, бул мектеп 1920-жылы түптөлгөн. Өз убагында андан СССРдин эл агартуусунун отличниктери чыккан. Анда учурда 476 окуучу билим алып, 38 мугалим эмгектенет. Алардын арасында эл агартуунун 12 мыктысы жана профсоюз тармагынын мыкты кызматкери бар. 

Мектеп үч имараттан турат. Бирөө 1970-жылы бүткөн. Ал учурда керектен чыгып баратат. Экинчи имарат 1990-жылы курулган. Анын үстү жылууланбай, тактайы чирип калган. Былтыр Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан 1 млн 300 миң сом бөлүнүп, эшик-терезелери коюлуп, тактайлары, чатырчасы алмаштырылды. Жылытуу системасы ата-энелердин күчү менен коюлду.

Ушул жылы 305 миң сомго ашканага керектүү буюм-тайымдарды алып, учурда 201 окуучуга «Мерсико» долбоорунун алкагында жана ата-энелердин көмөгү менен ысык тамак берилет.

«Бир гана көйгөй – спорт залдын жоктугу», - деп белгиледи Р.Исраилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×