Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.12.2015 16:42

Балыкчыдан 10 мектептин окуучулары улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чарага катышышты (фото)

Turmush -  Быйылкы жылдын 8-декабрынан баштап 12-декабрына чейин ISAID эл аралык уюмунун «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чарага Балыкчы шаары боюнча 10 мектептин 1-4-класстарынын окуучулары, ата-энелери жана китепкана кызматкерлери катышууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Иш-чаранын алкагында Ч.Айтматовдун, А.Осмоновдун чыгармаларынын негизинде балдар тарткан сүрөттөрдүн сынагы, куурчак театрларынын кароо-сынагы, театрлаштырылган жомок көрсөтүү, «Үй-бүлөлүк окуу» викторинасы жана көркөм окуу сынагы уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ISAID эл аралык уюмунун координатору 17 окуучуга китеп тапшырды. Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен 6000 сом бөлүнүп, катышкан окуучулардын эмгегин баалоо максатында 51 китеп белекке берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×