Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.12.2015 10:54

Түптүн «Белек ата» командасы көк бөрү боюнча мелдеште Ак-Суу районунун акиминин кубогун жеңип алды (фото)

Turmush -  Түп районунун «Белек ата» командасы көк бөрү боюнча Ак-Суу районунун акиминин кубогу үчүн болгон мелдеште жеңишке ээ болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдайт.

Каракол шаарынын ат майданында Ак-Суу районунун акиминин кубогуна көк бөрү боюнча областтык мелдеш өткөрүлүп, ага райондордун аймагынан 10 көк бөрү командалары катышты. Эки күнгө созулган көк бөрү боюнча мелдеште биринчилик үчүн ат салышуу курч атаандаштыкта өттү. Мелдештин экинчи күнү финалга Жети-Өгүз районунун «Ынтымак» командасы жана Түп районунун «Белек ата» командасы чыгып беттешти. Финалдык мелдеште Түп районунун «Белек ата» командасы каршылашын жеңилүүгө аргасыз кылып, баш байгени утуп алды.

Биринчи орунду ээлеген «Белек ата» тайпасына Ак-Суу районунун акиминин кубогу жана 20 миң акчалай сыйлык тапшырылды. Экинчи байгелүү орун Жети-Өгүздүн «Ынтымак» командасына ыйгарылып, 11 миң сом, диплом, медалдар менен сыйланышты. Үчүнчү орунду алган Түп районунун «Каркыра» командасы 9 миң сом, диплом жана медалдар берилди.

Байгелерди Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитов тапшырды. Ал жеңүүчүлөрдү куттуктап, аларга спорттогу ийгиликтерди каалады. Аким Ысык-Көл өрөөнүндө ат оюндарынын өнүгүп жатканын белгилеп, анын ичинде көк бөрү оюну жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн жана мындан да чоң деңгээлге жеткирүү керек деген оюн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×