Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.11.2015 15:51

Ак-Суу районунун 3 айылында 3 сааттык балдар бакчасы ачылды (фото)

Turmush -  Ак-Сууда мектепке чейинки балдарды окутуу боюнча 3 сааттык балдар бакчасы ачылды, деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бала бакчалар Ак-Суу районунун Энчилеш, Ак-Булак, Шахты-Жыргалаң айылдарында ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен ачылды. Жамааттык бала бакчанын ачылышына ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Юкиэ Макуо, район акими Жолдошбек Байсеитов жана билим берүү жана илим министринин орун басары катышты. Энчилеш айылында 3 сааттык программадагы балдар бакчасына 4 жаштан 6 жашка чейинки 60 бала кабыл алынды. Ачылыш аземине келген меймандар куттуктоолорун айтышып, кызыл тасма кесилди.

Ал эми, Ак-Булак айылында 40 бөбөк кабыл алынып, тиешелуу эмеректер жана оюнчуктар ЮНИСЕФ тарабынан берилген.

Бала бакчага небересин алып келген Гулийпа Акматова үчүн бул күн абдан кубанычтуу болду. «Айылда 25 жылдан бери бала бакчанын жоктугу көйгөй жаратып келген», - дейт ал.

Ушундай эле бакча Шахты-Жыргалаң айылында ачылып, 37 келечек ээси кабыл алынды. Бөбөктөр келген меймандарга ырдап, бийлеп өнөрлөрүн тартуулашты.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган коомдун колдоосу менен өлкө аймагында 100гө жакын жааматтык балдар бакчасы ачылган. Долбоордон сырткары айыл аймагы, жергиликтүү калк тарабынан да жардам көрсөтүлгөн. Балдарын алып келген ар бир ата-эне ай сайын бала бакчага 250 сомдон төлөшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×