Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.11.2015 11:19

Ак-Суунун Жолголот айылында ат спортуна кызыккан жаштар тажрыйбалуу көк бөрү курама командасы менен машыгуу өткөрүштү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жолголот айылында ат спортуна кызыккан жаштар кечээ, 25-ноябрда тажрыйбалуу «Жолголот-1» көк бөрү курама командасы менен машыгуу өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Жолголот айылында 2 көк бөрү командасы түзүлгөн. Ошондой эле, асыл тукум күлүк баккандар да бар. «Жолголот-1» көк бөрү курама командасы чоң мелдештерге катышууга укук алып, айылдын, райондун намысын коргоп келет. Ал эми «Жолголот-2» командасы жаштардан жана уландардан түзүлүп, Каракол шаарындагы ат майданына келип машыгып турушат. Алардын ичинен Элдияр Мирбеков, Нурбек Бектурганов, Умар Акматов курама командада ойной башташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×