Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.11.2015 14:12

Ак-Суунун М.Мамакеев мектебинде мугалимдер окуучуларга кийим таратып, демөөрчүлөрдүн эсебинен ысык тамак берилет

Turmush -  Ак-Суу районунун М.Мамакеев мектебинде кайрымдуулук акцияларын өткөрүү салтка айланган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган мектептен маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, Ак-Суу районундагы М.Мамакеев атындагы мектептин дирекциясынын демилгеси менен мугалимдер жамааты кайрымдуулук акцияларын өткөрүп турат. Алар үйүндөгү пайдаланылбай калган кийим-кечелерин алып келип, ылайыгына жараша муктаж окуучуларга таратып беришет.

Ошондой эле, мектеп мугалимдеринин кайрылууларынын негизинде айылдагы чарбалар, соода түйүндөрү жардамга муктаж окуучуларга демөөрчүлүк кылышат. Мындай жардамдардын негизинде муктаж балдарга мектептен ысык тамак берилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×