Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.11.2015 14:14

Ак-Суу районунда обончу жана аткаруучу К.Досмамбетованын 80 жылдык мааракеси белгиленип, айкели ачылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда бүгүн, 20-ноябрда белгилүү обончу жана аткаруучу, таланттуу актриса Канымгүл Досмамбетованын 80 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Мааракеге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев, орун басары Рита Борбукеева, Кыргыз эл артисти Табылды Актанов жана бир катар маданият кызматкерлери катышууда. Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтуусунда, К.Досмамбетова өз убагында эч кандай мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн эмес. Ак-Суу районунун жашоочулары анын мааракесине арналган бир катар иш-чараларды уюштуруп жатышат. Ошондой эле, анын ысымы берилген музыкалык мектептин жанындагы маданият үйүнүн алдында анын айкелин ачуу аземи өтөт.

Мындан тышкары, обончунун кичи мекени Зындан айылында анын жаркын элесине арналган чоң программадагы концерт болот.

Белгилүү обончу жана аткаруучу К.Досмамбетова чыгармачылыгы толуп-ташып турган убакта 41 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан. Ал «Ала-Тоолук чабанга», «Билгин жигит», «Кызыл өрүк», «Кыйылып турам», «Калкысам да кайыгыңда», «Жаштыктын көркү жар экен», «Табар элек бир паста», «Унутпадым», «Түш көрүүдөн тажадым», «Анда сен», «Колхоз талаасында», «Узатарда», «Замандашыма», «Көлүмдөй сүйдүм өзүңдү» жана башка ырларга обон жараткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×