Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.11.2015 15:35

Ак-Сууда композитор К.Досмамабетованын 80 жылдыгына арналган кароо-сынак өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда кыргыз элинин көрүнүктүү композиторлорунун бири Канымгүл Досмамабетованын  80 жылдыгына арналган кароо-сынак өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сынакка райондун ар бир айылынан келген 50 өнөрпоз катышты. Алар композитордун ырларын  аткаруу менен гана чектелбей, ырларындагы ар бир сөзүн чечмелеп берип жатышты.

Канымгүл Досмамбетова жараткан «Кызыл өрүк», «Анда сен 15 жашта элең» чыгармалары азыркыга чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Сынакка композитордун айылдаштары жана туугандары демөөрчүлүк кылып, анын ырларын мыкты аткарган катышуучуларга  Ардак грамоталары жана чакан белектер тапшырылды.

Ак-Суу районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын төрагасы Өмүрбек Абдылдаев белгилегендей, алдыңкы орундарга ээ болгон катышуучулар К.Досмамбетованын 80 жылдык мааракесинде анын ырын аткарууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×