Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.11.2015 13:18

Ак-Суунун Чолпон айылында бала бакчалар арасында тажрыйба алмашууну шарттоо максатында семинар өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы «Бүчүр» бала бакчасында тарбиячылардын катышуусунда семинар өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Семинар бала бакчалардын арасында тажрыйба алмашууну шарттоо максатында уюштурулду. Райондук семинарга Ак-Суу району боюнча 13 бала бакчадан 40тан ашуун тарбиячы келген. Семинар «Күз» темасына арналып, 2 тайпада өттү. 4-5 жаштагы бөбөктөрдүн ачык сабагында буга чейин өтүлгөн бардык сабактар камтылды. Ушундай эле ачык саат 2 кенже тайпадагы наристелердин катышуусунда болду.

«Бүчүр» бала бакчасы 1973-жылдан бери иштеп келет. Бакчанын алгачкы тарбиялануучуларынын айрымдары учурда небере көрүп, чоң ата да болуп калышкан. Алардын көбү бала бакчанын иштеринен кабар алып, колдон келген жардамын берип турушат. Семинарда көрсөтүлгөн бала бакчанын тарыхын чагылдырган тасма дал ушул ата-энелердин жардамы менен тартылган.

Катышуучулар аталган бала бакчанын аткарып жаткан ишине жогору баа беришип: «Бала бакчалардын тарбиячылары дагы райондогу бакчалардын ишин тажрыйба алмашуу жолу менен өнүктүрсө болот», - деген ойлорун билдиришти.

Белгилей кетсек, ушундай эле семинарлар райондун башка айылдарында дагы өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×