Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.11.2015 15:19

Ысык-Көлдө спортту өнүктүрүүгө 11,5 млн сом бөлүнүп, Түп, Ак-Суу райондору 400 миң сомдон алышкан

Turmush -  Ысык-Көл облусунда быйыл, 2015-жылы спортту өнүктүрүүгө 11,5 млн сомго жакын акча бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн маалымдалды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ысык-көл облусунда спорт жана дене тарбияны өнүктүрүүнүн деңгээли жыл сайын өсүп баратканы байкалууда. Калк арасында спортту өнүктүрүү, эл арасында жайылтуу максатында спорттук иш-чаралар байма-бай уюштурулуп, массалык мүнөзгө ээ боло баштады. Бул максатта быйылкы жылы облуска жалпысынан 11 млн 423 миң 200 сом бөлүнгөн. Бул былтыркы, 2014-жылга салыштырмалуу 2 млн 655 миң 700 сомго көп. Райондорго ошол эле өнүктүрүү фондунан 3 млн 800 сом каржыланган жана ал өткөн жылга караганда 32%га көп.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду ар бир райондун буйрутмасына ылайык каражат бөлгөн: Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондору 1 млн сомдон, Түп, Ак-Суу райондору 400 миң сомдон алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×