Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.10.2015 16:21

Ак-Суунун Ново-Вознесеновка айылындагы реабилитациялык борборго канаттуулар фермасын курууга 2470 евро бөлүндү

Turmush -  Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылындагы «Ак-Суу-Келечек» реабилитациялык борборунда кичи канаттуулар фермасынын курулушуна 2470 евро грант бөлүндү. Бул тууралуу Ак-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган реабилитациялык борбордо балдардын шал оорусу жана башка тубаса оорулар менен жабыркаган балдар ден соолугун чыңдап, кыймыл-аракет жасоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө үйрөнүп жатышат.

Жакында «Абилис» фондунун башкармалыгы бул борбордун чакан канаттуулар фермасын түптөө боюнча  долбоорун колдоого алып, 2479 евро өлчөмүндөгү грант бөлдү. Бул реабилитациялык борбордун балдарын толук өлчөмдөгү пайдалуу азык менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×