Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.10.2015 15:05

Ак-Суу районунда «Ысык-Көл манасчылардын алтын бешиги» республикалык жаштар арасындагы сынактын катышуучулары тандалууда

Turmush -  Ак-Суу районунда «Ысык-Көл манасчылардын алтын бешиги» аталышындагы республикалык алкактагы жаш манасчылардын сынагы өтүүдө, деп билдирди Ак-Суу райондук администрациясы аймактык кабарчыга.

Маалыматка ылайык, сынактын шарты боюнча айыл аймактарда 1-орунду алган 4 жаштан 28 жашка чейинки манасчылар гана райондук сынакка катышууда. Калыстар тобу 7 кишиден туруп, алар катышуучулардын «Манас» эпосунан үзүндү айтуу деңгээлине, кыймыл-аракетине жана кийген кийимине карап баа беришет.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылып, 1-орундун ээси облустук деңгээлде өтүүчү сынакка жолдомо алат.

Фестивалдын максаты — Ысык-Көл облусунун жаштарын, студенттерин жана окуучуларын «Манас» эпосун окууга, андагы окуяларды билүүгө үндөп, манасчылар тууралуу кеңири маалымат алууга шарт түзүп, жаштарды мекенчилдикке, улуттук каада-салтты билүүгө, ынтымакка жана биримдикке үндөйт, деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×