Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.10.2015 17:05

Ак-Суу районунда жаштарды ынтымакка чакыруу максатында көк бөрү боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда жаштарды ынтымакка чакыруу максатында көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу  Turmush басылмасынын кабарчысына уюштуруу тобунун жетекчиси Адилет Масылбеков билдирди.

Район аймагында түзүлгөн «Кыдыр Ата» жаштар бирикмеси тарабынан айыл жаштарын ынтымакка үндөгөн ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Бул ирет 10 команданын катышуусунда мелдеш уюштурулуп, байге фондундагы каражаттарды айыл жаштары чогултушту.

Ошондой эле, айылдын жаштары элеттин көйгөйлөрүн бирге чечүүнү көздөшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×