Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.10.2015 11:32

Ак-Суунун Жылдыз айылында 24 млн сомго 130 орунду мектеп курулду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун  Жылдыз айылында Түркия мамлекети тарабынан берилген гранттын эсебинен 24 млн 600 миң сомго 130 орунду  мектеп курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдайт.

Мектептин ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, агартуу тармагынын кызматкерлери, мектеп окуучулары жана айыл тургундары катышты. Алар алгач  мектептин тегерегин жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн балатылардын көчөттөрүн отургузушту. Ошондой эле, Дүйшөбай Бейшенов атындагы орто мектебинин ачылыш аземинде  мектеп окуучулары чакан концерттик программасын  тартуулашты.

«Мектептин спорт залы жок салынып, компьтерлер менен жабдылбагандыгы гана көйгөй жаратууда», - дейт аталган мектептин мугалими Динара Субанова.

Мектептин курулуш иши  2013-жылы башталган. Мектеп сапаттуу курулуп, заман талабына ылайык эмеректер  менен жабдылган. Имарат 11 бөлмө,  1 ашкана, 1 китепканадан турат. Жаңы салынган мектептин  класстык бөлмөлөрү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен кооздолуп жасалган. Ал эми, ашкананын жабдыктарын мектепти курган курулуш компаниясы белек катары берген.

Аталган мектептин эски имаратынын  курулганына  50 жылдан ашкан.

Маалым болгондой, Түркия мамлекети тарабынан облус аймагында  7 мектеп курулууда. Алардын  катарына Ак-Суу районунун  Жылдыз айылындагы  мектеп кирет. Түркия  мамлекети тарабынан берилген насыяга өлкө боюнча 47 мектеп  курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×