Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.10.2015 11:20

Ак-Суунун Отрадное айыл аймагында спортчу К.Баатыркановдун жаркын элесине арналган турнир өттү

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Отрадное айыл аймагында спортчу Кубан Баатыркановдун жаркын элесине арналган турнир өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Волейбол, футбол жана улак тартыш боюнча өткөн мелдешке  райондун  бардык айылынан келген спорт сүйүүчүлөр катышты.

Иш-чара өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөп, спортко тартуу менен  бирге көзү өтүп кеткен спорт чеберлерин эскерүү максатында уюштурулду.

Улак тартыш оюну Отрадное айылында өтсө, Шапак айылында жаштар волейбол жана футбол боюнча мелдешишти. «Мындай иш-чаралар спортчулар ортосундагы достук мамилени бекемдейт», - дешет айыл тургундары.

Шапак айылынын башчысы Адилет Апазовдун айтымында, аталган айыл аймакта белгилүү даталарга карата дайыма спорттук иш-чаралар уюштурулуп, жеңүүчүлөр кызыктыруучу байгелерге ээ болуп келишет. Бул жолу  дагы мыкты оюнчуларга атайын белектер тапшырылды.

Мелдештин уюштуруучулары белгилегендей, бул турнирди келерки жылы дагы өткөрүү пландалууда. Спортчу К.Баатыркановдун жаркын элесине арналган мелдеш быйыл райондук денгээлде өтсө, кийинки, 2016-жылы облустук деңгээлде өткөрүү пландалууда.

Турнирге Отрадное айыл аймагынан 2 миң сом, ал эми  маркум К.Баатыркановдун жакындары 10 миң сом бөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×