Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.09.2015 11:49

Ак-Сууда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Кыялкечтер» инклюзивдүү борбору жардамга муктаж (фото)

Turmush -  Ак- Суу районунун Теплоключенко айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Кыялкечтер» инклюзивдүү  борбору жардамга муктаж болуп, демөөрчүлөрдү издөөдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Борбордун жетекчиси Миргул Турдумамбетованын айтымында, борбор 2006- жылы чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ачылган. «Бул жерде 20 бала тарбияланат. Башкы максатыбыз — мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу, билим берүү. Беш айдан бери демөөрчүлөр жок болгондуктан мында иштеген төрт адам маяна ала албай жатат. Балдар төлөгөн акча жолго, тамак-ашына, электр жарыгына гана жетет», - дейт ал.

Борбор мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери менен биргеликте жеке менчик болуп ачылгандыктан, мамлекет тарабынан жардам берилбейт. Ошондуктан балдарга кайдыгер карабаган баардык жарандардан жардам сурайбыз. Эгер жардам берилбесе, борбор жабылып калуу коркунучунда турат, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, бул район боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жалгыз инклюзивдүү борбору. Ага Каракол шаарынан да балдар барып, тарбия алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×