Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.09.2015 15:58

Ак-Суудагы психикасы жабыркаган аялдар үйүндө иштегендер гүл бакчаларды көрктөндүрүп, кол эмгек менен алек (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы психикасы жабыркаган аялдар үйүндө иштегендер гүл бакчаларды көрктөндүрүп, кол эмгек менен жумуш жасап алаксышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган жатак үйдүн жетекчиси Нарынкүл Үсөнбаева билдирди.

Ак-Суу районундагы психикасы жабыркаган аялдар үйүндөгү эски, бирок жакшы каралган 3 кабат корпустун ичин кыдырып жүрүп баардык жерде колго жасалган буюмдарды көрүүгө болот. Андагы сүрөттөр, саймалар, түймөлөр, сувенирлер кыскасы бул жердеги ар бир буюмга ал жерде эмгектенгендердин жана айрым жашоочулардын кол эмгеги жумшалган.

Узун коридордон сүрөт тартуу, намазкана, сокмо согуу, куурчак жасоо, тикмечи, ырдап-бийлөө, китепкана, кол өнөрчүлүк, фитобар, мейманкана, дарыкана деген бөлмөлөрдүн жазууларын көрүүгө болот. Мындагы аялдар жашаган бөлмөлөр таза, ирээттүү.

Аталган жатак үйдө республикабыздын ар кайсы аймактарынан келген 237 оорулуу аял мамлекеттин толук камкордугуна алынып жашап келет. Алар үчүн 23 бөлмө бар. Аларды тейлөөдө 105 адам эмгектенет. Акыл-эсинен айрылып калгандардын арасында бул дүйнө менен капары жок, ичип-жегенин жана башкасын билбей калгандар да бар.

Бул жердин кызматкерлери күн-түн иштешет. Аларды көзөмөлдөйт. Көбү ооруларына байланыштуу сөз түшүнбөйт. Оорусу кармаганда, албууттанып калат. Аларды дайыма карап туруш керек. Жатак үйдөгүлөрдүн 80и ысык-көлдүктөр. Бул жерге жылына мамлекет тарабынан 22 миллион сом каралып, ал айлык акы, социалдык маселелер, башка көйгөйдүн баарын чечүүгө жумшалат. Тилекке каршы, бул акча да толук берилбей калат.

«Кубана турган нерсе – коллективдин ынтымагы. Мен айткан нерсени жалпы жамаат колдоп кетет. Баарыбыз жатак үйгө жаңылык киргизүүнүн үстүндө изденебиз. Айланабызды гүлдөтүп алабыз. Ар бир бөлмөнүн кооздугу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Оорусу кармабай турганда, бул жерде жашаган аялдар да кооздукка кубанышат. Ал эми, мында иштегендер үчүн бул өтө зарыл. Жатак үйдөгү жашоо-шартты көтөрүү, майыптарды колдоонун улуттук программасын ишке ашыруу максатында жатак үйүнүн жалпы жамааты бирдикте колго алаарлык бир топ иштерди жүргүзүп келүүдөбүз. Арийне, ошого карабай бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгүбүздүн чектелүүсүнөн мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген акча-каражатынын жетишсиздигине байланыштуу биздин колубуздан келбеген, аракетибизге карабай биз чече албаган бир топ маселелер келип чыгууда. Атап айтсак, күзгү-кышкы бут кийимдер, ич кийимдер, кыш мезгилине ылайыктуу күрмө, жемпер, шымдар, идиш-аяктар, ошондой эле кир жууганга керектелүүчү айна, самындарга муктажбыз», - дейт аталган жатак үйдүн директору Н.Үсөнбаева.

Белгилей кетсек, жатак үйгө 2008-жылдан бери эле ар кайсы инстанциялардан 58 жолу текшерүү болгон. Жакында 5 фракциядан депутаттар келип, өкмөттүк, бейөкмөт уюмдар менен бирге жыйын болуп, жатак үйдөгү иштер боюнча териштирүү жүрүп, негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу керек деген чечим кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×