Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.09.2015 15:16

Жыл өткөн сайын психикалык ооруга чалдыккан аялдардын саны өсүүдө, - Ак-Суудагы аялдардын жатак үйүнүн директору

Turmush -  Ак-Суу районундагы психикасы жабыркаган аялдардын жатак үйүндө аялдардын саны жылдан жылга көбөйүп келет. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары А.Жаныбеков мындан 14-15 жыл мурда аталган райондо акимдин орун басары болуп жүргөндө жатак үйдө 120 адам болгонун айтып, ушу жылдар аралыгында жашоочулар 100гө көбөйгөнүн трагедия катары баалайт.

Ал эми, Ак-Суу районунун акими Жолдош Байсеитов бул көрүнүштү элдин арасында турмуш шарты төмөн адамдардын көбөйүшү менен, эң негизгиси адамдардын пейилинин бузулушу, адамдар ортосундагы мамиленин солгундап кетиши менен байланыштырды. «Учурда кошуна кошунага кирбей, баласы атасы менен эсептешип калган учур. Психологиялык оорунун көбү адамдардын ортосундагы мамиленин начарлашынан, бири-бирибизге жардам берип кол сунбагандан пайда болот. Албетте, арабызда адамгерчилик жасоого ашыккандар да жок эмес. Айрымдар “атыбызды, берген белегибизди көпчүлүккө чыгарбай эле койгула” деп жардам берген учурлар да бар. Бирок мындай көрүнүштөр өтө аз. Учурда элди бузуп, коомду бузуп, акчасын ар кандай митингдерге жумшаган адамдар жетимдер менен ушундай оорулууларга каражат берсе жакшы болмок», - дейт Ж.Байсеитов.

Ак-Суу районундагы психикасы жабыркаган аялдар үйүнүн директору Нарынкүл Үсөнбаева: «Жыл өткөн сайын мындай ооруга кабылгандардын саны көбөйгөнү өтө өкүнүчтүү. Биздин жатак үйдө бир эмес, эки жогорку билими бар аялдар бар. Мурда жакшынакай жар, мээримдүү эне болуп жүргөн аял бир заматта эч кимге кереги жок болуп калышы таң калыштуу. Мында жашагандар өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде жашашат.

Аялдардын жашы 18ден 90 жашка чейин. Аларга айыкпас дартка чалдыккан деп тыянак чыгарылган. Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк аялдарды өлгөндөн кийин дагы жакындары алып кетип, жерге жашырып коюшпайт. Бул социалдык деле көйгөй эмес. Болгону адамдардын таш боордугу», - деп билдирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×