Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.09.2015 16:15

Ысык-Көлдө адистер ишканалардын өндүрүштүк иши менен жеринен таанышууда

Turmush -  Экономика министрлигинин түндүк аймактар аралык башкармалыгынын Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн адистери өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн аппаратынын аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте Ак-Суу районундагы ишкердүүлүк субъектилеринин абалы менен жеринен таанышып чыгышты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Министрликтин түндүк аймактар аралык башкармалыгынын Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн маалыматына ылайык, учурда Ак-Суу районунда жаңы өнөр-жай ишканаларын ишке киргизүү жана инвестиция тартуу тармагында алгылыктуу иштер жүрүүдө. Атап айтканда, Түштүк Корея мамлекетинен келген инвестиция менен картошканы кайра иштетүү ишканасынын курулушу аяктап, учурда алгачкы ишкананын технологиясын  сыноо иретиндеги продукция чыгарылды. Ишкананын продукциясын чыгарууда жергиликтүү калктан кабыл алынган картошкалар сырье катары колдонулат жана жергиликтүү тургундардан сырье сатып алуу рыноктук баанын негизинде жүргүзүлмөкчү. 2015-жылдын аягына чейин аталган ишкананын толук кандуу ишке кирүүсү күтүлүүдө. Мындан тышкары, учурда Ак-Суу районундагы «Дреза» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан гипс чыгаруу өндүрүшүн ишке киргизүү пландалууда жана 2015-жылдын аягына чейин аталган субъект өз ишин баштап, 50дөн ашык жумуш ордунун түзүлүүсү күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×